• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ошто оор абалда реанимацияга жаткырылган дарыгер коронавирустан айыгып чыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 19.04.20. /Кабар/. Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынан дагы бир медицина кызматкери айыгып чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

undefined

Маалыматка ылайык, тажрыйбалуу балдар жугуштуу ооруларынын дарыгери келип түшкөн биринчи күнү эле оор абалда реанимацияга жаткырылган болчу.

"Бишкектен жана Ош шаарынан барган өз кесиптештеринин жардамы менен ал өткөн кыйынчылыктарды жеңе алды. Урматтуу дарыгерлер, сиздердин талыкпаган эмгегиңиздер үчүн, ден соолугуңуздарды тобокел кылып, бардык кыргызстандыктардын ден-соолугунун сакчылыгында турганыңыздар үчүн рахмат", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 19-апрелге карата коронавирус жуккан жаңы 48 учур катталып, жалпы бейтаптардын саны 554кө жетти. Анын ичинен 134ү медицина кызматкери, 133 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Беш адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий