• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте 14 жаштагы кыз 7-кабаттан секирип, каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Матросов көчөсүндө 14 жаштагы кыз 7-кабаттан секирип, каза болду.

Агенттикке комендатурадан билдиришкендей, 19-апрелде саат 17.05 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына чакыруу келип түшкөн. Анда Матросов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өспүрүм кыз секирип кеткендиги кабарланган.

Жерине Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу дароо чыгып кеткен. Окуя болгон жерге барган ыкчам топ тез жардам кызматы келгенче кулагандагы алган жарааттарынан улам каза болгон 2006-жылы туулган М.Э.нин сөөгүн аныктаган.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Азыркы убакта окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Пикир

Оставить комментарий