• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирусту кайталап жуктурган учур катталган жок – министр

COVID - 19 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирусту кайталап жуктурган учур катталган жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

“Мындан мурда Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун коронавирусту кайталап жуктурган 7 учур катталды деген маалыматы Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү учурунда тастыкталган жок”, - деди ал.

Эскерте кетсек, 19-ноябрь күнү Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев коронавирусту кайталап жуктурган 2 учур катталганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий