• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда онлайн билим берүү маселелерине арналган эл аралык форум өтөт

Коом 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. “Онлайн билим берүү жана кесиптердин келечеги: пост-2020 жаңы нормалдуулукка саресеп” аттуу эл аралык форум өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Элира Турдубаева билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 1-3-май күндөрү онлайн форматта өтөт. Форум Онлайн университетинин 1 жылдыгына карата уюштурулууда.

Чет өлкөлүк жана кыргызстандык окумуштуулардын жана адистердин башын бириктирген эл аралык форумда ковидден кийин дүйнөдө билим алуудан жана иштөөдөн эмнени күтүүгө болот, онлайн режимде билим алуу жана иштөө жаңы нормага айланабы деген суроолор талкууланат. Ошондой эле 2020-жылдан кийинки кырдаалда иштөөнүн келечегине байланыштуу маселелер каралат.

Нет описания.

Мектеп жана жогорку окуу жайлардын мугалимдери, жумуш берүүчүлөр, эксперттер жана изилдөөчүлөр онлайн режиминде билим алуу жана онлайн режиминде иштөө тажрыйбалары менен бөлүшүшөт. Иш-чарада Кыргызстандын мектептериндеги онлайн билим берүү боюнча акыркы изилдөөлөрдүн натыйжалары сунушталат.

“2020-жылы жумуш орундары абдан кыскарды жана билим берүү тутумубузда да чоң көйгөйлөр жаралды. COVID-19 пандемиясы өзгөрүлүп жаткан дүйнөгө олуттуу кыйынчылыктарды алып келди. Пандемиядан кийин эмгек рыногу эмнелерди талап кылат деген орчундуу суроолор жоопсуз калууда. Учурда тездик менен өзгөрүүгө учурап жаткан эмгек рыногундагы тенденцияларды аныктоо жана глобалдык пандемиянын ал тенденцияларга тийгизген таасирлерин талкуулоо күн тартибине чыкты. Санарип билим пост-ковиддик дүйнөдө айкалышкан окутуу менен жумуш чөйрөсүнүн “милдеттүү” бөлүгү болуп калабы? Мына ушундай учурдун курч суроолоруна жооп издөө үчүн бул форумду уюштуруп жатабыз”, - дейт форумдун уюштуруучусу Турдубаева.

Пикир

Оставить комментарий