• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте автобустун айдоочулары күн сайын наркологдор тарабынан текшерилет

Коом 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасында наркологиялык кабинет иштейт.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, эки автопарктын айдоочуларын текшерүүнү 7 нөөмөтчү нарколог жүргүзөт.

Дарыгерлер эртең менен каттамга чыгып жаткан айдоочуларды медициналык кароодон өткөрүшөт. Текшерүү жол баракчалары журналга каттоодон, тышкы экспертизадан, кан басымын өлчөөдөн турат.

Пикир

Оставить комментарий