• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда саламаттык сактоого багытталган жаңы программа старт алды

Ден соолук 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Кыргызстанда жарандардын ден соолугун коргоого багытталган "Саламаттыкты сактоо тармагындагы глобалдык коопсуздук жана пандемияга даярдык" программасы старт алды. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Программа Америка Кошмо Штаттарынын, Кыргызстандын, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жана башка уюмдардын консорциумунун биргелешкен демилгеси жана ал саламаттыкты сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдарга карата өлкөнүн туруктуулугун бекемдөөчү инвестиция болуп саналат.

"Саламаттыкты сактоо тармагындагы глобалдык коопсуздук жана пандемияга даярдык" программасы Кыргызстан тарабынан аныкталган жети негизги багыт боюнча иштейт:

- микробдордун дары-дармекке туруктуулугун көзөмөлдөө жана азайтуу;
- зооноздук ооруларга мониторинг жүргүзүү (жаныбарлар жана адам ортосундагы оорулар);
- улуттук лабораториялык системаларды чыңдоо;
- ооруларды көзөмөлдөө;
- медициналык кадрлардын потенциалын жогорулатуу;
- тобокелдиктер тууралуу маалымдоо жана коомчулук менен байланышуу боюнча стратегияларды иштеп чыгуу;
- саламаттыкты сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдарды башкарууга көмөктөшүү

Элчиликтен белгиленгендей, программа адамдардын, жаныбарлардын жана экосистемалардын ден соолугун туруктуу тең салмактоо жана оптималдаштырууга багытталган БУУнун "Бирдиктүү ден соолук" ыкмасын колдонот. Бул көп секторлуу стратегия КР Саламаттык сактоо министрлигинин, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ортосундагы тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылат.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигеринин айтымында, АКШ өкмөтү саламаттыкты сактоо тармагындагы глобалдык коопсуздукту өзүнүн эң негизги беш приоритетинин бири деп эсептейт.

"Бүгүнкү иш-чара Кыргызстандагы саламаттыкты сактоону жакшыртуу боюнча биздин көп жылдык кызматташтыгыбыздын кезектеги бөлүмү десек болот. Биз COVID-19 пандемиясынын учурунда да тыгыз иштешип, пандемиядан кийинки калыбына келтирүү фазасында да кызматташуубузду уланттык. Биз кургак учук жана ВИЧ/СПИДди аныктоо жана дарылоодо олуттуу ийгиликтерге жетиштик. Биздин өкмөттөрдүн биргелешкен аракеттеринин негизинде көптөгөн адамдардын өмүрү сакталып калды. Өткөн жылы Кыргызстан Ден соолук коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-аракеттердин улуттук планын өз убагында кабыл алуу менен саламаттыкты сактоо системасынын келечектеги ар кандай пандемияга даярдыгын күчөтүүдө алдыңкы ролду ойноп жатат”, - деди ал.

КР саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаеванын айтымында, USAIDдин каржылоосу Ден соолук коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-аракеттердин улуттук планынын негизги бөлүктөрүн колдоодо маанилүү роль ойнойт.

"Саламаттыкты сактоо тармагындагы глобалдык коопсуздук” программасын ишке ашыруу биздин өлкөгө калктын ден соолугун коргоо жаатындагы коркунучтарга жооп кайтаруу үчүн туруктуу негиз түзүүгө мүмкүндүк берет”, - деди КР саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева.

Белгилей кетсек, АКШ саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо жана бардык кыргызстандыктар үчүн коомдук саламаттыкты сактоонун көрсөткүчтөрүн жакшыртуу максатында Кыргызстан менен 1995-жылдан бери кызматташып келет.

Пикир

Оставить комментарий