• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда Санарип кодекси иштелип чыгууда — Акылбек Жапаров

Өкмөт 0

Бишкек, 03.02.23. /Кабар/. Кыргызстанда Санарип кодекси иштелип чыгууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстанда өтүп жаткан "Жаңы реалдуулуктагы санариптик өнөктөштүк" санариптик форумунун жалпы жыйынына билдирди.

“Кыргызстан санарип технологияларды өнүктүрүү үчүн тең салмактуу шарттарды түзүү боюнча иш алып барууда. Ал эми санарип дүйнөдөгү революциялар жөнүндө айта турган болсок, анда биз мамлекеттик башкарууда активдүү санариптик чечим менен пайда болгон мамилелерди жөнгө салуу үчүн өзгөчө Санарип кодексин иштеп чыгуудабыз”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, жыл сайын өтүүчү Digital Almaty эл аралык форуму бизнес өкүлдөрүнүн, эл аралык эксперттердин, IT-коомчулугунун, мамлекеттик органдардын жана ЖМКнын катышуусунда Алматыдагы эң ири Tech иш-чара болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий