• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров “Алиса” менен “Сири” кыргыз жана казак тилин билбегенине тынсызданды

Өкмөт 0

Бишкек, 03.02.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстанда өтүп жаткан Digital Almaty эл аралык форумунда “Алиса” менен “Сири” кыргыз жана казак тилин билбегенине тынсызданды.

“Бүгүн биз санариптик трансформация жөнүндө сөз кылып жатабыз – жашоонун бардык чөйрөлөрүндөгү өзгөрүүлөргө өбөлгө түзгөн феномен. Геосаясий окуялар жана глобалдык катаклизмдер санариптик технологиялардын дүйнөдөгү экономикалык, саясий жана социалдык кырдаалга таасирин күчөтүүдө. Бардык жаңы технологиялардын жана тенденциялардын ичинен мени эки тармак өзгөчө тынчсыздандырат - жасалма интеллект жана криптовалюта”, - деди ал.

Анын айтымында, аналитиктер адам сыяктуу ойлонууга программаланган смарт машиналар жакынкы келечекте билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка тармакта революция кылууга алып келерин болжолдоодо.

“Кечээ эле британ окумуштуулары жасалма интеллекттин жардамы менен 30 күндүн ичинде боор рагынын дабасын таба алышканы тууралуу кабар чыкты. Мурун изилдөөгө кыйла көп убакыт кетчү”, - дейт Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы саламаттыкты сактоо тармагында жасалма интеллект алгоритмдери ооруларды эрте диагностикалоого, дарылоону пландаштырууга жана дарыларды түзүүгө жардам берерин белгиледи.

“Дагы бир мисал келтирейин. Chat GPT аркылуу, бизнес мектебинин экзамендерин ийгиликтүү тапшырып, онлайн режиминде маектешип, жумушка орношууда. 10 жыл мурун фантазия болгон нерсе бүгүн чындыкка айланды. Мунун баары жаңы перспективаларды ачат. Ошол эле учурда технологиялык өнүгүү темпи бул өзгөрүүлөргө тиешелүү мамлекеттик саясат менен жооп берүү мүмкүнчүлүгүбүздөн ашып баратат. “Алиса” же “Сиринин” үн жардамчылары кыргыз же казакча сүйлөбөйт деп кооптонуп жатам. Санариптик дүйнөгө кирбеген тилдер жазууга кирбеген тилдердин тагдырына туш болорун баарыбыз түшүнөбүз”, - деп баса белгиледи Жапаров.

Эскерте кетсек, жыл сайын өтүүчү Digital Almaty эл аралык форуму бизнес өкүлдөрүнүн, эл аралык эксперттердин, IT-коомчулугунун, мамлекеттик органдардын жана ЖМКнын катышуусунда Алматыдагы эң ири Tech иш-чара болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий