• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда санитардык нормаларды сактабаган 20 касапкана жабылды

Коом 0

Бишкек,13.03.24. /Кабар/. Кыргызстанда ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербеген 20 касапкана жабылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу ветеринардык кызматтын директору – Кыргызстандын башкы мамлекеттик ветеринардык инспектору Улугбек Кожобергенов “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча 101 мал союучу жай катталган.

“Өткөн жылдын декабрынан 2024-жылдын январь айына чейин мал союучу жайларга жана эт кайра иштетүүчү цехтерге мониторинг жүргүзүлүп, ветеринардык-санитардык нормалардын сакталбагандыгы жана башка талаптаррга жооп бербеген 20 касапкананын иши убактылуу токтотулган”, - деди ал.

Кожобергенов белгилегендей, Ветеринардык кызмат азык-түлүк коопсуздугун сактоо максатында мындай мал союучу жайларды пландуу текшерүүнү кайра баштоого даярданып жатат.

Пикир

Оставить комментарий