• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 10 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 08.08.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 10 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 1, Ош шаарында 2, Чүй облусунда 1, Жалал-Абадда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Нарын облусунда 1 жана Баткен облусунда 3 медик ооруну жуктуруп алган.

“Ал эми бир суткада 12 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары, үй карантининен 60 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2 миң 938 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 97 медкызматкер айыкты”, - деп кошумчалады Акматова.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 8-августка карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 39 миң 587ге жетти. Илдеттен жалпы 31 миң 281ге жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1 миң 460ты түзөт.

Пикир

Оставить комментарий