• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 305 адам коронавируска кабылып, 6 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 15.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда 15-апрелге карата коронавирус дагы 305 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 186, Чүй облусунда – 89, Ош шаарында – 7, Ысык-Көл облусунда – 12, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 1, Баткен облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 4 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 178 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 109, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 55, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда – 1 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 2 бейтап каза болду. Ошентип каза болгондордун жалпы саны 1 миң 540 адамга жетти.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1010 бейтап, амбулатордук түрдө 1139 адам дарыланууда. 675 бейтаптын абалы орто оордукта, 228 адамдын абалы оор жана 40 бейтап өтө оор абалда экендиги кабарланды.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 338 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 251 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 91 миң 144 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 86 миң 491 киши айыгып чыкса, 1 миң 540 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий