• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда өткөн суткада 18 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 29.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы 24 саатта 18 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Ош облусунда 3, Чүй облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 3, Талас облусунда 3, Нарын облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 3 өрт кырсыгы катталган, аларды өчүрүүгө 19 бөлүм тартылган.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жүк ташуучу унаанын 6 чарчы метр чиркегичи күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Ноокат районундагы Борбаш айылында турак үйдүн 9 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Медресе айылында мал сарайдын 80 чарчы метр чатыры толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий