• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык Александр Волкодав Россиядагы "Голос" долбоорунун жеңүүчүсү аталды

Маданият 0


Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. Кыргызстандык Александр Волкодав Россиядагы "Голос" долбоорунун 2021-жылкы сезонунун жеңүүчүсү болду.

Волкодав "Голос" долбоорунун финалына казакстандык Алишер Каримов, Ернар Садирбаев жана россиялык Элина Панды менен чыккан.

Телекөрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгында 53,3 пайыз добушу менен Александр Волкодав быйылкы сезондун жеңүүчүсү аталды. Кыргызстандык ырчыга ошондой эле жеке ырын акысыз жаздырууга сертификат тапшырылды.

Ал эми экинчи орун алган Алишер Каримовго добуштардын 46,7 пайызы берилген.

Пикир

Оставить комментарий