• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык балбандар Казакстанда өткөн Азия биринчилигинде 13 медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 08.07.19. /Кабар/. Кыргызстандык балбандар Казакстанда өткөн жаш уландар арасындагы Азия биринчилигинде 13 медаль утушту.

Мелдеш Нур-Султан (Астана) шаарында болуп өтүп, ал кечээ күнү жыйынтыкталды.

Биздин балбандар 1 алтын, 3 күмүш жана 9 коло уткан.

Грем-рим күрөшүндө Бакдаулет Егембердиев (71 кг) алтын медаль тагынган. Бекзат Оронкул уулу (80 кг) менен Разак Бейшекеев (45 кг) күмүш уткан. Ал эми Давран Садыков (110кг) менен Улукбек Сансызбаев (48кг) үчүнчү орунду ээлешкен.

Кыз-келиндер күрөшүндө Назик Мирлан кызы (43кг), Бермет Нурдин кызы (46 кг), Бурулсун Бекболотова (57 кг) жана Нурзат Нуртаева (69кг) коло байгелүү болушкан.

Ал эми эркин күрөштө Самаган Улан уулу (51кг) экинчи болгон. Шамиль Калматов (55 кг), Дастан Урматбек уулу (45 кг) менен Нурман Умаров (71 кг) коло байге уткан.

Пикир

Оставить комментарий