• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кол күрөш боюнча спортчулар Азия кубогунда 25 медаль багындырышты

Спорт 0

Бишкек, 28.11.22. /Кабар/. Кыргызстандын армрестлинг (кол күрөш) боюнча улуттук курама командасы Өзбекстанда өткөн Азия кубогунда 25 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-26-ноябрь күндөрү Ташкент шаарында өткөн мелдеште кыргызстандык спортчулар 9 алтын, 10 күмүш, 6 коло утту. Ал эми жалпы медалдык эсепте Кыргызстан курама командасы үчүнчү орунду ээледи.

Алтын медалдын ээлери: 40 кг салмак категориясында Алтынай Өмүрбекова, 50 салмак даражасында Асема Маликова, 55 кг салмак менен Шахзода Юнусова, 60 кг салмак категориясында Байтур Абжалбеков жана 100 кг салмак даражасында Владимир Рыбаков, ошондой эле майыптыгы бар спортчулар арасында Чолпонай Жапаркулов 1-орунду ээледи.

Күмүш медалдын ээлери: 40 кг салмак категориясында Алтынай Өмүрбекова, 45 кг салмакта Жыргал Бактыбаев, 50 кг салмакта Асема Маликова, 55 кг салмак даражасында Афтандил Эгембердиев жана Дарья Ибрахимова, 60 кг салмак категориясында Ажар Сматова жана Максим Хивренко, 65 кг салмакта Элнура Тагайбекова жана Самат Байызбеков экинчи орунду ээледи.

Коло медалдын ээлери: 50 кг салмак даражасында Садыр Баатыров, 55 кг салмак категориясында Дарья Ибрахимова жана Афтандил Эгембердиев, 60 кг салмакта Максим Хивренко жана Самат Байызбеков, 65 кг салмак даражасында Айбек Наралыев үчүнчү орунду ээледи.

Пикир

Оставить комментарий