• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык бийчилер Россияда өткөн турнирде 10 медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 15.03.19. /Кабар/. Кыргызстандык бийчилер Россияда өткөн "Динамо-2019 чоң байге" аталыштыга эл аралык бий боюнча турнирде 10 медаль утушту.

КР бий спорт федерациясынан кабарлашкандай, мелдеш Москва шаарында 8-10-март күндөрү өткөн. Биринчи орун үчүн дүйнөнүн 17 өлкөсүнөн келген жуптар ат салышкан.

Назар Алисултанов менен София Ермошкина дуэти "Ювеналы-2 “Е” классындагы" категорияда 2-орунду ээлеген. Андан тышкары алар дагы эки күмүш медаль утушкан.

Дмитрий Блинков менен Асаль Мамбетова 1 күмүш, Рамис Ибрагимов менен Сабрина Исманалиева алтын медаль багындырышкан.

Адель Лобанов менен Амина Осмоналиева болсо экинчи орунду ээлешкен.

Пикир

Оставить комментарий