• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык бильярдчылар дүйнө биринчилигинде эки коло утушту

Спорт 0

Бишкек, 04.03.19. /Кабар/. Кыргызстандык бильярдчылар "Кураштырма пирамида" боюнча Россияда өткөн дүйнө биринчилигинде эки коло утушту.

Мелдеш Ханты-Мансийск шаарында 25-февралдан 3-мартка чейин болуп өткөн. Ага жыйырмага жакын өлкөнүн бильярдчылары катышкан.

Кыргызстандан барган спортчулар жарым финалдык оюндарда каршылаштарына жеңилип коло медаль тагынышкан. Маселен, Дастан Лепшаков молдовалык Сергей Кржановскийге жеңилсе, экинчи колону алган Канат Сыдыков россиялык Иосиф Абрамовго утулуп калган.

Пикир

Оставить комментарий