• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык Ислам Байсынов шахмат боюнча Азиянын чемпиону болду

Спорт 0


Бишкек, 30.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Шахмат боюнча атамекендик тарыхта кыргызстандык Ислам Байсынов шахмат сүйүүчүлөрү арасында өткөрүлгөн мелдеште Азиянын чемпиону болду. Мелдеш күн мурун Чиангмай (Таиланд) шаарында өткөн.

КР шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов билдиргендей, Open категориясында 30 мамлекеттен 95 спортчу катышкан. Тогуз турда Ислам Байсынов алты ирээт жеңишке жеткен.

Тогуз балл топтоп, ал турнирдик көрсөткүчтө экинчи болгон.

“Оюнчулардын арасында 2000 чейинки рейтинг боюнча Байсынов биринчи орунду алды”,-деп билдири Турпанов.

Ошентип, Байсынов 2000 рейтинги боюнча Азиянын чемпиону болуп, Open турниринде “Коло” утту.

Өз кезегинде шахматчы Байсынов КР шахмат федерациясына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий