• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык каратэчилер эл аралык мелдеште 6 медаль утту, анын бирөө алтын

Спорт 0

Бишкек, 12.11.23./Кабар/. Кыргызстандын каратэ боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү эл аралык Asian Cup мелдешинде 6 медаль утту: 1 алтын, 2 күмүш жана 3 коло. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Мелдеш 8-10-ноябрь күндөрү Казакстандын Алматы шаарында өткөн.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

• Назым Нурлатова (75 кг) — алтын;

• Екатерина Руденко жана Мухамед Ильясов (+68 кг) — күмүш;

• Бекдөөлөт Капарова (+68 кг), Калыс Нурланбек уулу (61 кг) жана Жамиля Мусаева (61 кг) — коло.

Курама команда башкы машыктыруучу Мырзабек Алиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Пикир

Оставить комментарий