• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чоң-Алай жана Араванда Маданият үйлөрүн оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 13.11.23./Кабар/. Ош облусунун Чоң-Алай жана Араван райондорунда Маданият үйлөрүн оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Араван райондук А.Исмаилов атындагы маданият үйүнө ремонт иштери үчүн 4227,6 сом бөлүнгөн. Бул каражатка Маданият үйүнүн чатыры жаңыланып жабылууда. Маданият үйү 1982-жылы салынган.

Ал эми Чоң-Алай райондук маданият бөлүмү жайгашкан имаратка 170 миң сом бөлүнгөн. Бул каражатка имаратты жылытуу системасы (паровое отопление) орнотулуп, жаңы от казан салынды.

Оңдоп-түзөө иштери министрликтин 2023-жылдын бюджетинин чегинде ишке ашууда.

Пикир

Оставить комментарий