• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Самбочу Бектен Эркебай уулу Еревандагы Дүйнө чемпионатында коло утту

Спорт 0

Бишкек, 13.11.23./Кабар/. Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Бектен Эркебай уулу Ереван шаарында (Армения) өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды.

Спортчу 88 кг чейинки салмакта күжүрмөн самбо боюнча катышып алгач 1/8 финалдык беттеште франциялык спортчуну утса, 1/4 финалдык беттеште жаңы зеландиялык балбанды жеңген.

Жарым финалдык беттеште армениялык балбанга утулуп жыйынтыгында коло байге уткан.

Пикир

Оставить комментарий