• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жоламан Шаршенбеков күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчи сапка жайгашты

Спорт 0

Бишкек, 25.09.23. /Кабар/. Грек-рим күрөшү боюнча эки жолу катары менен Дүйнө чемпиону аталган Жоламан Шаршенбеков күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчи сапка жайгашты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) маалымдайт.

Жаңыланган рейтинг Сербияда өткөн Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгынан соң жарыяланды.

Бул жыйынтыктын аркасында кыргызстандык балбан 100 миң рейтингдик упайга ээ болуп, 60 кг чейинки салмак ченинде биринчи орунду ээледи.

Эскерте кетсек, Сербияда өткөн Дүйнө чемпионатында алтын медаль багындырган спортчулар Айсулуу Тыныбекова жана Акжол Махмудов дагы дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга көтөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий