• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык оор атлетчилер Индияда өткөн Азия чемпионатында 3 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 08.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын оор атлетика боюнча жаштар жана өспүрүмдөр курама командасы Нью-Делиде (Индия) өткөн Азия чемпионатында 1 күмүш жана 2 коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаметинен билдиришти.

89 кг чейинки салмакта Фарух Шокиржанов күмүш медаль тагынды. Ошондой эле 102 кг чейинки салмак категориясында түртүп көтөрүүдө Эрбол Эрмек уулу жана Нурсултан Тармалов 89 кг чейинки салмакта булкуп көтөрүүдө коло медалга ээ болду.

Пикир

Оставить комментарий