• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык оор атлетчилер Ташкентте Азия чемпионатына даярдык көрүүдө

Спорт 0

Бишкек, 15.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын оор атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Азия чемпионатына даярдык көрүү максатында Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жаткан эл аралык окуу-машыгуу жыйынына катышууда.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, окуу-машыгуу жыйыны 11-январда башталган, 31-январда жыйынтыкталат.

Курама команданын тизмеси:
1. Бекдөөлөт Расулбеков 102 кг (ЭДСЧ);
2. Эмил Молдодосов 89 кг (ЭДСЧ);
3. Ишимбек Муратбек уулу 67 кг (СЧ);
4. Нурсултан Тармалов 96 кг (СЧ);
5. Эльзар Таиров 73 кг (СЧ);
6. Өмүржан Молдодосов - улук машыктыруучу;
7. Камбар Токтоналиев – башкы машыктыруучу.

Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйыны Дене тарбия жана спорт департаментинин караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2024- жылга алынган календардык планынын негизинде өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий