• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык жаш балбандар эл аралык турнирде эки алтын, бир коло медаль жеңишти

Спорт 0

Бишкек, 01.11.19. /Кабар/. Өспүрүмдөр арасында эркин күрөш боюнча Бишкек шаарынын курамасы Красноярск шаарында өткөн эл аралык турнирде эки алтын, бир коло медалды жеңишти. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мелдешке Россиянын жана КМШ өлкөлөрүнөн 16 жашка чейинки 300 спортчу катышкан. Жалпы көрсөткүчтө Кыргызстандык спортчулар үчүнчү орунга илинди. Биринчи орунду Якутиянын курамасы, экинчи орунду Казакстандын командасы ээледи.

Алтын медалды Ислам Акимбаев (38 кг) жана Юхан Доктурбек уулу (44 кг) тагынды. Коло медалга Миран Акимбаев (48 кг) татыды.

Пикир

Оставить комментарий