• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Канат Шабданбаев курама командалардын окуу-машыгуу процесси менен таанышты

Спорт 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. 20-январь күнү Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Шабданбаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командаларынын окуу-машыгуу процесси менен таанышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал спортчулар алдыдагы лицензиялык мелдештерге даярдык көрүп жаткан Чолпон-Ата шаарындагы (Ысык-Көл облусу) «Орион» конок үйүнүн спорттук базасы менен таанышып, бассейн жана ашкананын шарттарын көрдү.

Курама командалардын машыктыруучулары балбандар даярдануу программасынан артка калбай жакшы даярдануусуна Ориондо түзүлгөн шарттар өбөлгө болгонун белгилешти.

«Спорт коомчулугу үчүн бул өтө маанилүү жыл. Сиздерге үмүтүбүз чоң, көңүлдүн баарын даярдыкка коюп, этап менен көксөгөн максатка жетиш керек. Духтун күчүн сактап, машыктыруучулардын айткандарын так аткарыңыздар жана ден соолугуңуздары жакшы караңыздар», - деп Канат Шабданбаев спортчуларга тартиптүүлүктү жана талыкпас эмгек каалады.

Белгилей кетсек, кыз-келиндер күрөшү боюнча спортчулардын окуу-машыгуу жыйыны 18-январда старт алып 7-февралга чейин уланат. Грек-рим күрөшү боюнча курама команданын мүчөлөрү 9-январдан 30-январга чейин даярдык көрүшөт.

Пикир

Оставить комментарий