• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Бишкекте өтө турган самбо боюнча дүйнө чемпионатына даярдыктар жүрүүдө – сүрөт

Спорт 0

Бишкек, 10.11.22. /Кабар/. Бишкекте өтө турган самбо боюнча дүйнө чемпионатына даярдыктар жүрүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Дүйнө чемпионаты 11-13-ноябрь күндөрү “Газпром” ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт. Мелдешке 50гө жакын өлкөдөн 500дөй спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Ошондой эле Эл аралык самбо федерациясынын президенти Василий Шестаков келет.

Чемпионаттын алкагында төмөнкү салмак категорияларда беттештер өтөт:

Эркектер: 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98 кг жогору;

Кыз-келиндер: 50, 54, 59, 65, 72, 80, 80 кг жогору;

Күжүрмөн самбо: 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98 кг жогору.

Чемпионаттын байге фонду 231 миң долларды түзөт.

1-орун - 4000 доллар;

2-орун - 3000 доллар;

3-орун- 2000 доллар.

Пикир

Оставить комментарий