• 88.68
  • 95
  • 0.95

Алайда жаңы бала бакча ишке берилди

Аймак 0

Бишкек, 10.11.22. /Кабар/. Ош облусунун Алай районундагы Жошолу айыл аймагында жаңы бала бакча ишке берилди.

Бакчанын ачылыш аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зияидин Жамалдинов катышты.

Бала бакчанын курулушуна республикалык бюджеттен 23 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 90 балага ылайыкташтырылып, ички эмерек, шаймандары жаңыланып, заманбап жабдуулар коюлган.

Пикир

Оставить комментарий