• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

КМШ оюндары. Дагы эки кыргызстандык боксчу финалга чыкты

Спорт 0


Орша, 11.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөлөрү Мухаммадазиз Закиров жана Алмаз Орозбеков Беларуста өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарынын финалына чыкты.

Бокс боюнча мелдештер 6-августтан 12-августка чейин Беларустун Орша шаарында өтүүдө.

Закиров 80 кг чейинки салмакта катышып, 1/4 финалдык беттеште Түркмөнстандын мушкерин жеңген. Ал эми жарым финалда Беларусь мушкерин утуп, финалга чыкты.

Финалдык беттеште Өзбекстандын мушкери менен күч сынашат.

Ал эми Орозбеков 67 кг чейинки салмакта катышып, 1/4 финалдык беттеште Беларусь мушкерин, жарым финалдык беттеште Тажикстандын мушкерин жеңди.

Финалда кыргызстандык спортчу Россиянын мушкери менен кез келет.

Алтын медаль үчүн беттештер 12-августта орун алмакчы.

Белгилей кетсек, буга чейин кыргызстандык боксчу Зафарбек Камилов дагы финалга чыгып, алтын үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

Эскерте кетсек, ушул тапта Беларустун 10 шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары өтүп жатат. Оюндарга спорттун 22 түрү боюнча 22 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышууда.

Аталган мелдештерде ошондой эле 200дөн ашуун кыргыз спортчусу спорттун 17 түрү боюнча күчүн сынап жатат. 4 августта башталган оюндар 14-августта жыйынтыкталмакчы.

Пикир

Оставить комментарий