• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык зыяратчыларды эми Меккеде заманбап автобустар тейлейт

Коом 0

Бишкек, 21.12.18. /Кабар/. Эми кыргызстандык ажыларды Мекке шаарынын аймагында заманбап автобустар тейлейт. Кечээ, 20-декабрда эки тараптуу келишимге кол коюлду, - деп билдирет муфтияттын басма сөз кызматы.

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Сауд Араб Падышачылыгына болгон иш сапарынын алкагында САПтын ажылык министрлигинин алдындагы жолдор башкармалыгынын директору Абдур Рахман Аль Харби менен жолугушкан.

Жолугушуунун алкагында 2018-жылдагы ажылыктагы кызмат көрсөтүүлөрдү талкуулашкан.

«Эки тараптуу жолугушуу алкагында ажылык учурунда ыйык Мекке шаарынын аймагында автобустар менен кызмат көрсөтүү, Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүнө заманбап унаалар менен кыргызстандык ажыларды ташуу жана аларды өз учурунан кечиктербей жеткирүү, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жаатында пикир алышып, 2019-жылдагы ажылыкта кызмат көрсөтүү боюнча эки тараптуу келишимге кол коюшту», - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле сүйлөшүү учурунда 2018-жылдагы ажылыктагы кызмат көрсөтүүлөрдү абдан жакшы деп баалашып, тараптар бири-бирине ыраазычылык сөздөрүн айтышкан.

Пикир

Оставить комментарий