• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандыктар майда беш күн катары менен эс алат

Коом 0

Бишкек, 04.05.23. /Кабар/. Кыргызстандыктар майда беш күн катары менен эс алат.

Кызматкерлердин дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында министрлер кабинетинин атайын токтому кабыл алынган. Ага ылайык, беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 5-майдан 9-майга чейин дем алыш күндөрү болот. Ал эми 8-майдагы иш күн 13-майга которулат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 5-май — Конституция күнү, 9-май — Жеңиш күнү белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий