• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандыктар ММА боюнча Азия чемпиондугунда алтын жана коло медалдарды жеңип алышты

Спорт 0


Кыргызстандыктар Азия чемптонатында 3 алтын, бир коло медаль утуп алышты. Бул тууралуу ”Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында ММА жана панкратион федерациясынын президенти Улукбек Өмүрзаков билдирди.

Анын айтымында, мелдештер өткөн дем алыш күндөрү Кытайдын Харбин шаарында өткөн.

Башында Кыргызстандын курама командасынын курамы көп болчу, бирок бардык каалоочулар катыша алган эмес.

“Эгер чемпионатка бардык курам барса, биз биринчи орунду алмакпыз. Былтыр биринчи орунду алдык эле. Азияда биз азыркы күнгө чейин лидербиз. Бул мелдешке 8 өлкө катышты, чемпионат жогорку деңгээлде өттү. Буга чейин Азия чемпионаты Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстанда өткөн. Кытайда биринчи жолу өткөрүлдү. Татыктуу жана күчтүү атаандаштар көбөйдү”, - деди президент.

Турнирде сыйлуу орунга ээ болгон ММА боюнча Азия чемпиону Чынгыз Бегматов мелдеш жогорку деңгээлде өткөнүн айтты.

“Атаандаштар аябай жакшы даярданышыптыр. Биздин түшүмдүү эмгегибиз жана машыгууларыбыз жакшы жыйынтыгын берди, алтын медалдын ээси болдук”, - деди сыймыктануу менен ал.

Дагы бир алтын медалдын ээси, ММА боюнча Азия чемпиону Бакберген Усенов өз өлкөсүнө, машыктыруучуларына колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Ал эми ММА боюнча дагы бир Азия чемпиону Эдилбек Шакирмаматов: ”Сыймык менен кыргыз желегин көтөрдүм”, - деп, ыраазычылык кебин айтты.

Жыйынтыгында Азия чемпионатында коло медалга ээ болгон Табалды уулу Акжол: “Биз жакшы жыйынтыктарга жетиштик. Улукбек Өмүрзаковго өзгөчө ыраазычылык билдиребиз. Ал өзү бизди Кытайга алып барып, биздин жаныбызда болду”, - деген оюн билдирди.

Эске сала кетсек, Кытайда өткөн Азия чемпионатында Кыргызстандын курама командасында Чынгыз Бегматов (61,2 кг), Бакберген Усенов (65,8 кг), Эдилбек Шакирмаматов (84 кг) жана Таабалды уулу Акжол (77,1 кг) болгон.

Пикир

Оставить комментарий