• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын 4 саламаттык сактоо уюму Япониядан меджабдууларды алат

Ден соолук 0

Бишкек, 18.01.23. /Кабар/. Япония өкмөтүнүн “Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу" гранттык программасынын алкагында Кыргызстандын 4 саламаттык сактоо уюму медициналык жабдууларды алат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоорлор боюнча гранттык келишимге кол коюу аземи күн мурун, 17-январда Япониянын Кыргызстандагы элчилигинде өттү.

Кол коюлган келишим боюнча төмөнкү уюмдар медициналык жабдууларды алат:

Жумгал райондук жалпы дарыгерлик практика борборуна жалпы суммасы 143 447 АКШ долларына санариптик флюорограф жана ЛОР-комбайн орнотулат.

Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке Жалпы дарыгерлик практика борбору жалпы наркы 111 344 АКШ долларын түзгөн Fujifilm үлгүсүндөгү стационардык УЗИ аппаратын жана лапароскоп аппаратын топтому менен алат.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына жалпы суммасы 114 747 АКШ долларына эндоскопиялык операцияларды жасоо үчүн аппараттар жана инструменттер, ошондой эле геморрой ооруларын дарылоочу аппарат алынат.

Каракол шаарынын Облустук үй-бүлөлүк медицина борбору жалпы суммасы 95 547 АКШ долларын түзгөн стационардык Shimadzu рентген аппаратын алат.

Пикир

Оставить комментарий