• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын футбол курамасынын дарбазачысы Валерий Кашуба карьерасын аяктады

Спорт 0

Бишкек, 22.12.22. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын дарбазачысы Валерий Кашуба карьерасын аяктады. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Кашуба улуттук курамада жалпы 24 беттеш өткөрдү. Ал оюнга алгач 2004-жылдын 10-ноябрында Кувейт менен болгон беттеште 62-мүнөттө Жалиловдун ордуна чыккан. Эми Валерий Кашуба толугу менен "Дордой" футболдук клубундагы дарбазачыларга машыктыруучулук кылат.

“Дордойдун” курамында Валерий Кашубанын сыйлыктары:

- Кыргызстандын алты жолку чемпиону;
- Кыргызстандын кубогунун төрт жолку жеңүүчүсү;
- Кыргызстандын Суперкубогунун үч жолку жеңүүчүсү;
- АФК президентинин кубогунун ээси;
- Үч жолу Кыргызстандын эң мыкты дарбазачысы деп табылган;
- АФК президентинин кубогу-2007’нин мыкты оюнчусу.

Пикир

Оставить комментарий