• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын ИИМи менен Росгвардия кызматташтыкка кол койду

Коом 0

Бишкек, 17.06.22. /Кабар/. Кыргзстандын Ички иштер министрлиги менен Россиянын Улуттук гвардиясы кызматташтык тууралуу келишимге кол коюшту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, документ коопсуздук, экстремизмге каршы күрөшүү, курал-жарак жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу жаатында кызматташууну өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө кызмат кылат.

“Биз үчүн коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоодо Росгвардиянын тажрыйбасы чоң мааниге ээ жана тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурабыз”, - деди Улан Ниязбеков Москвадагы жолугушууда.

Пикир

Оставить комментарий