• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстандын инфраструктурасын кантип жакшыртуу керек?

Аналитика 0

Дагы канча чыдайбыз? Кыргызстандагы унаа жолдору боюнча кырдаал кандай?

Өлкөнүн өнүгүү деңгээлине биз көбүнчө жолдордун сапатына карап баа беребиз. Ошентип, биздин өлкөгө келген ар бир чет элдик негизги кемчиликтер катары жолдордун начардыгын жана көбүнесе алардын толук жоктугун атайт.

Улуттук жол тармагы өлкөбүздүн эң ири байлыктарынын бири болуп саналат. Социалдык жана экономикалык пайдалардын толук көлөмүн эске алганда анын баасын баалоо кыйын.

Кыргызстандын географиялык түзүлүшүнө ылайык унаа каражаттары транспорт тармагынын негизги бөлүгүн түзөт жана экономиканын башка тармактарын өнүктүрүүнүн байланыш звеносу болуп саналат. Республиканын автомобиль жолдорунун жалпы узундугу 34 миң чакырым, анын 18 810 чакырымы – жалпы пайдалануудагы жолдор. Алар жүргүнчүлөрдү ташуунун 98 пайызын, жүк ташуунун 96 пайызын камсыздайт.

Ошону менен бирге Кыргызстанда акыркы жыйырма жылда унаалардын саны 937%, ал эми жол кыймылынын интенсивдүүлүгү 700%га өскөн. Калктын жашоо сапаты жана ишкердиктин деңгээли жолдордун транспорттук-эксплуатациялык абалына жана алардын өнүгүшүнө түздөн-түз көз каранды. Жолдордун жакшы абалы транспорттук чыгымдарды азайтууга жана экономикалык өсүштү көтөрүүгө жардам берет. Жолдордун начардыгы же алардын толук жоктугу - экономиканы өнүктүрүүдөгү кыйынчылыктарга алып келет. Каржылоонун жетишсиздигинен жолдордун бузулушуна жол берилсе, анын кесепетин бүтүндөй коомчулук тартат.

Экономисттер жана жол куруучулар жол тармагынын туруктуулугуна жетишүү боюнча биринчи кезекте жолдорду оңдоого жана күтүүгө каражаттын жетишсиздигине байланыштуу аракеттердин жетишсиздиги тууралуу көптөн бери айтып келишет.

Ошол эле учурда «Автомобиль жолдору жөнүндө» Мыйзам уюмдар жана ишканалар тарабынан республиканын автомобиль жолдорун башкаруунун экономикалык, укуктук негиздерин жана принциптерин аныктайт жана жол тармагына тийиштүү бардык маселелерди жөнгө салат. Бирок башка документтердин жоктугунан бул мыйзамдын жол тармагын өнүктүрүүгө багыттала турган каражаттарды түзүү булактарын жөнгө салуучу бардык эле ченемдери аткарылбай жатат.

Алсак, Мыйзамдын 18-беренесине ылайык, жалпы пайдалануудагы жолдордо жүк ташуучу унаалардын жана автобустардын жүргөнү үчүн акы алынат. Бул жыйым Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексте да каралган, ага ылайык жыйым төлөөчүлөр жүк ташуучу унаалардын жана автобустардын ээлери болуп саналат. Бирок, мыйзамдарда бул ченемдер бар экенине карабастан, өкмөт жакынкы убакка чейин автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйымдарды алуунун өлчөмүн жана тартибин аныктаган эмес.

2021-жылы 24-декабрда министрлер кабинетинин чечими (№333) кабыл алынган, аны менен Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйымдын өлчөмү жана аны алуунун тартиби жөнүндө жобо бекитилген.

Методологияны негиздөө

Статистика комитетинин маалыматтарына ылайык, орточо айлык акы 18 493 сомду түзгөн, жашоо минимумунун көлөмү орточо 5 358,53 сом, орточо эмгек акынын жашоо минимумуна карата катышы 345 пайызды түздү.

Жашоо минимумунун жана орточо эмгек акынын - реалдуу эмгек акынын катышынын жана калктын кирешесине ылайык тарифтик ставканы аныктоонун жалпы кабыл алынган практикасынын негизинде 1,16 сомго барабар же 1/100 сааттык эмгек акы 115,58 сом өлчөмүндө чогултуунун минималдуу ставкасын эсептөө принциби колдонулган.

Андан ары жыйымдарды эсептөө Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан иштелип чыккан методикага ылайык, максималдуу жалпы масса боюнча транспорт каражатынын түрүнө (категориясына) жараша жүргүзүлөт. Башкача айтканда, жолдун эскиришине, буга жараша оңдоого жана учурдагы тейлөөгө кеткен чыгымдардын өсүшүнө алып келген жүктүн жолго карата пропорционалдуулук принциби боюнча. Ошол эле учурда жүргүнчүлөрдү ташыган унаалар үчүн 10 жана 20 минималдуу пайыздар жүргүнчүлөрдү ташууга финансылык таасирди жеңилдетүү максатында алынган.

Маселени чечүүнүн эл аралык тажрыйбасы

Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө жолдорду курууну жана оңдоону каржылоо маселеси ар башка жолдор менен чечилет. Дүйнөлүк тажрыйбанын көз карашы боюнча алганда эң натыйжалуусу, автомобиль жолдоруна же ар кандай категориядагы жалпы пайдалануудагы жолдорго акы төлөөнү киргизүү, б.а. “колдонуучу төлөйт” принцибине өтүү.

Акы төлөө системасы унаа жолдоруна келтирилген жана учурдагы салыктардын эсебинен каржыланбаган зыяндын ордун толтуруу каражаты катары киргизилүүдө. Ал жолдорго эң көп зыян келтирүүчү транспорт каражаттарынын ээлерине – уруксат берилген максималдуу салмагы 12 тоннадан ашкан жүк ташуучу унааларга тиешелүү.

Казакстан

Автотранспорт каражаттарынын Казакстандын аймагы аркылуу өтүүсү үчүн жыйымдар:

  • башка мамлекеттин аймагына чыгуу үчүн атамекендик автотранспортту чек арадан өткөрүүгө алынуучу жыйым
  • чет өлкөлүк унаа каражатын өткөрүү үчүн алынуучу жыйым
  • акы төлөнүүчү мамлекеттик автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн алынуучу жыйым
  • уруксат берилген жүктөн жана габариттен ашкан оор салмактуу жана ири габариттүү унаа каражаттарын өткөрүү үчүн алынуучу жыйым.

Унаа каражаттарынын өтүүсү үчүн акы төлөө жөнүндө жобо 1998-жылдан бери колдонулуп келет.

Россия

Россияда чет мамлекеттердин аймагында катталган транспорт каражаттарынын Россия Федерациясынын жолдору боюнча өтүү үчүн акы алынат. Жүк ташуучуларына карата Россия Федерациясынын жолдорун пайдалангандыгы үчүн жыйым киргизилген, ошондой эле тизмеде көрсөтүлгөн мамлекеттердин аймагында катталган уруксат берилген максималдуу салмагы 3,5 тоннадан ашык жана 12 тоннага чейин жүк ташуучу унаалардан Россия Федерациясынын жолдорун пайдалангандыгы үчүн жыйым алынган чет өлкөлөрдүн тизмеси бар.

Европа биримдигинин өлкөлөрү

ЕБнын жолдор аркылуу өтүү үчүн жыйымдар боюнча бирдиктүү мыйзамдарынын негизи 1993-жылы 93/89/ЕЭК «Жүктөрдү ташуу үчүн пайдаланылган транспорт каражаттарына салык салуу жана транспорттук инфраструктура объекттерин пайдалангандыгы үчүн жыйымдарды алуу жөнүндө» директивасы менен түптөлгөн.

Учурда ЕБге мүчө мамлекеттерде магистралдык жол түйүндөрү боюнча өтүү үчүн жүк ташуучу унаалардан акы алуунун ар кандай системалары колдонулууда.

Кыргызстан

Жыйымдардын киргизилиши олуттуу экономикалык кесепеттерге алып келиши күтүлүүдө. Алсак, өлкөнүн бюджети үчүн республиканын жол активдеринин наркы 20 млрд сомго жакынды түзөт. Учурдагы оңдоого жана техникалык тейлөөгө жыл сайын орто эсеп менен 2 млрд сом бөлүнөт.

Каржылоонун жетишсиздигинен улам жолдордун интенсивдүү бузулушуна байланыштуу жол тармагындагы бюджеттик жоготуулар жолдордун 30 жылдык жашоо циклинде болжол менен 195 млрд сомду же жыл сайын 6,5 млрд сомду түзөт.

Ошол эле учурда жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жүк ташуучу унаалардын жана автобустардын пайдалангандыгы үчүн жыйымдарды киргизүүдө кыймылдын интенсивдүүлүгүн жана сунушталган тарифтик өлчөмдөрдү эсептөөнүн негизинде жылдык акча түшүүлөр 2 млрд сомго жакынды түзөрү эсептелинди. Бул каражаттарды жолдорду учурдагы оңдоого жана күтүүгө багыттоо бюджеттик каражаттарды 30 жылдын ичинде 43 млрд сомго жакын же жыл сайын 1,4 млрд үнөмдөөгө шарт түзөт.

Өз кезегинде ишкерлер жана жарандар төмөнкүдөй пайдага ээ болушат:

- 50% чейин жолдо жүрүү убактысын үнөмдөө;

- транспортту эксплуатациялоодо жылдык (болжолдуу) үнөм (күйүүчү-майлоочу материалдарга — 2,7 млрд сом, эмгек акыга — 1,3 млрд сом, оңдоого — 1 млрд сом).

Ошол эле учурда жеңил унаа ээлерине модернизацияланган жана талаптагыдай тейленген жол инфраструктурасы толук жеткиликтүү болот. Жалпысынан жаңы киргизүүлөр жол кыймылын уюштуруунун алдынкы формаларын жана ыкмаларын киргизүү, жолдордо жол кыймылынын коопсуздук деңгээлин жогорулатуу боюнча артыкчылыктуу милдеттерди чечүүнү караштырат, бул жол тармагын натыйжалуу башкаруу боюнча акыркы максаттарга жана милдеттерге жетишүүгө шарт түзөт.

Ошону менен бирге, алгачкы баскычтагы оор экономикалык кырдаалды көңүлгө алуу менен, Өкмөт өлкөнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнүн жакшырышын эске алып, кийинки тактоо менен эсептелгенден 30 пайыз өлчөмүндө жыйым алууну пландаштырууда.

Адистердин пикири боюнча, бул биринчи кезектеги чаралар өлкөбүздүн жол инфраструктурасынын толук бузулушуна жол бербөөгө жана жолдорубузду сактап калууга гана эмес, аларды түп-тамырынан бери жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүүгө тийиш.

Кыргызстандагы акы төлөнүүчү жолдордун кандай артыкчылыктары бар?

Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө акы төлөнүүчү жана бекер жолдор аркылуу каттамдарды тандоо барган сайын көбөйүүдө. Мындай кайчы тандоо бүгүнкү күндө заманбап адамдардын алдында келип чыгууда. Кыргызстандыктардын көпчүлүгүн Кыргызстандагы жолдордун абалы жана аларды күтүүдөгү көйгөйлөр анча кызыктырбайт, ошондуктан мындай пландарды билгенде абдан таң калышат.

Акы төлөнүүчү жолдордон баш тартса болобу?

Туура чечим кабыл алуу үчүн, маселенин маңызын түшүнүп, алынган маалыматтын негизинде өз бүтүмүңүздү чыгарууңуз керек. Бул үчүн акы төлөнүүчү жолдору бар каттамды колдонуунун оң жана терс жактарын карап көрүңүз.

Негизги оң жактары:

• Биринчиден, бул, албетте, жол тармагын жакшыртуу. Кандай гана бюджет болбосун, казынага түшкөн салыктардын жана башка кирешелердин негизинде түзүлөт. Кыргызстанды алсак, бул - каражаттын өтө тартыштыгы, насыялардын эсебинен жол салуу. Мамлекет жол инфраструктурасын эле өнүктүрбөстөн, саламаттыкты сактоо, социалдык камсыздоо жана башка тармактарды да каржылашы керек. Кошумча жеке каражаттарды тартуу жол катмарынын сапаты жана түйүндүн узундугу боюнча абалды бир топ жакшыртат;

• бюджетке кошумча кирешелер. Мындай жол менен алынган каражаттар учурдагы жолдорду тейлөөгө жана жаңы жолдорду курууга жумшалышы мүмкүн. Мындай ыкмаларды өнүккөн өлкөлөр көптөн бери колдонуп келишет, ошондуктан алардын жол тармактарынын сапатына жана тармактуулугуна таң калуунун кереги жок.

Эгерде акы төлөнүүчү жолдор боюнча өтүүнү тандоонун терс жактарын айтсак, анда бир гана нерсе бар: жол аркылуу өтүү акысын төлөш керек.

Ташуучулар кандай пайда көрүшөт?

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги негизги пайданы транспорттук компаниялар көрүшөт деп эсептешет. Мындай жолдорду түзүүдө жолдун бетин каптоо жаатындагы акыркы жетишкендиктер колдонулат. Аларда дээрлик эч кандай аң-чөнөктөр болбойт. Акы төлөнүүчү жолдордо белгилер жакшы коюлган жана жогорку коопсуздуктагы кыймыл камсыздалат. Жогорку сапаттагы жол менен жүргөн унааларга күч келбейт, андыктан алар узакка иштеп, тейлөө жана оңдоо чыгымдары аз талап кылынат. Мындан кардар, башкача айтканда, бардык жарандар да кыйыр пайда алышат. Алар төмөнкү тарифтерге жана арзандатууларга ишеним арта алышат.

Жол бетинин сапаттуулугу башка жолдорго караганда бул жолдордо унаа каражаттарынын жогорку ылдамдыкта жүрүүсүн шарттайт. Ошентип, товарларды көздөгөн жерине жеткирүүнүн убактысы кыскарат.

Акы төлөнүүчү жолдордун башка артыкчылыктары

Биздин магистралдарда унаалар тынымсыз агымда жүрүп, айдоочуларга бир топ ыңгайсыздыктарды жаратууда. Акы төлөнүүчү жолдордо мындай көйгөйлөр болбойт. Айдоочулар өздөрүн эркин жана ыңгайлуу сезишет.

Эгерде катуу титирөө жана аң-чөнөктөр аркылуу жүрүүгө болбой турган баалуу жүк жеткирүү пландаштырылган болсо, анда акысыз жол менен айдоо чоң зыян алып келиши мүмкүн. Көбүнчө тегиз эмес жана уңкур-чуңкур жерлер сапатсыз жеткирүүгө себеп болот. Морт буюмдар мындай күч келтирүүгө туруштук бере албай калат, ошондуктан каттамды тандоонун алдында жети өлчөп, бир кесүү керек.

Унаа сүйүүчү жана жарнама компаниясынын ээси Кайрат Турсунбаевдин айтымында, ал акы төлөнүүчү жолдор боюнча өтүүгө жана товарларды жеткирүү наркын төлөөгө даяр. «Биз республиканын бардык аймактарында иш алып барабыз, жарнамалык продукцияларды жеткиребиз жана орнотобуз. Көбүнесе тыгындардан жана жолдордун начардыгынан улам биздин продукциялар өз убагында жеткирилбей же андан да жаманы – бузулуп калат. Мындай учурларда биз баарын кайра жасоого аргасыз болобуз. Албетте, эгер алар чындап ыңгайлуу жана коопсуз болсо, мен акы төлөнүүчү жолдор менен айдамакмын. Бирок, менин оюмча, элде акы төлөнүүчү же бекер жолдо жүрүү тандоосу болушу керек», - деп белгилейт ал.

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылын уюштуруу башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, акы төлөнүүчү жолдордо ашыкча жүктөм болбойт. Башкысы - кызматтар үчүн төлөөнүн ыңгайлуу системасын түзүүгө азыртан активдүү киришүү керек, ошондо кийин узун кезектерге жана нааразы болгон айдоочулардын терс сын-пикирлерине туш болбойбуз. Жол тармагын өнүктүрүүнүн мамлекеттик стратегиясын иштеп чыгууда бул маселеге жетиштүү көңүл бурулуп жатат деп ишенгибиз келет.

Ачык-айкындуулук

Жолдорду куруу жана оңдоо үчүн каражаттарды бөлүштүрүүнү ким көзөмөлдөйт?

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол фонду жөнүндө Жобого ылайык Байкоочу кеңеш фонддун жогорку башкаруу органы болуп саналат.

Байкоочу кеңештин ыйгарым укуктары – бул Фонддун ишинин негизги багыттарын жана артыкчылыктарын, келечек жана учурдагы милдеттерин кароо, аныктоо жана бекитүү, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол чарбасын долбоорлоого, курууга, реконструкциялоого, оңдоого жана күтүүгө бөлүнүүчү республикалык бюджеттин каражаттарын бөлүштүрүү.

Байкоочу кеңештин иши жол тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттарына ылайык Жол фондунун финансылык каражаттарын натыйжалуу пайдаланууну камсыздоого жана ачык-айкындуулук принциптерине багытталган.

Пикир

Оставить комментарий