• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын муфтийин шайлоо эки айга жылдырылды

Коом 0

Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. Кыргызстандын муфтийин шайлоо эки айга жылдырылды. Бул тууралуу Аалымдар кеңешинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Аалымдар кеңешинин 30-марттагы чукул жыйынында Кыргызстан мусулмандарынын кезектеги VII Курултайы 29-майга жылдырылды.

"Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин кызмат ордуна, Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнө жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна талапкерлердин тыюу салынган диний уюмдарга тиешеси бар-жогун тактоо, айрым талапкерлердин ЖОЖду бүткөндүгүн тастыктаган дипломдорунун аныктыгын жана документтерди кылдат текшерүү көп убакытты талап кылаары, чагымчыл адамдардын мусулмандар үчүн маанилүү болгон Курултайды бузабыз деген сөздөрү Курултайды жылдырууга негиз болду", - деп айтылат Аалымдар кеңешинин маалымат кызматы.

Аталган уюмдан кошумчалашкандай, ошону менен катар айрым адамдардын диний кастыкты жана регионалдык чагымчылдыкты козутуу максатында кысым жасоосу, комиссия төрагасын телефон аркылуу опузалоосу комиссиянын толук кандуу иш алып баруусуна жолто болду. Бул иштерге тиешеси бар, мыйзамсыз аракеттерди жасаган жарандарга укук коргоо органдары тарабынан чара көрүлмөкчү.

"Мына ушул окуялардан улам чукул жыйын өткөрүү чечими кабыл алынды жана Аалымдар кеңешинин айрым мүчөлөрү башка дубандарда жашагандыктан, кечээки жыйын онлайн өткөрүлдү", - деп кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий