• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Коом 0

Бишкек. 13.04.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 7-мартында кабыл алынган.

Кепилдик фонддорго салык салуу боюнча салык мыйзамдарын жакшыртуу максатында кабыл алынган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 207-берененин 1-бөлүгүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди, ага ылайык: банк же кепилдик фонду тарабынан резервге потенциалдуу кредиттик, кепилдик жана лизингдик коромжулуктарды жана зыяндарды жабууга жиберилүүчү, берилген банктык кредиттерди жана аларга теңештирилген активдерди, анын ичинде кепилдик фонддор берген кепилдиктерди камсыз кылуу максаты үчүн гана пайдаланылуучу сумма жылдык жыйынды кирешеден чыгарып салууга жатат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий