• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанга кезектеги туристтик поезддер келди

Коом 0

Бишкек, 09.10.23. /Кабар/. Кечээ, 8-октябрда Кыргызстанга кезектеги туристтик поезддер келди. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Европа жана Америкадан келген туристтерди "Кыргыз темир жолу" МИнин кызматкерлери жана уюштуруучулар Бишкек-2 бекетинен тосуп алышты.

"Жалпысынан биринчи поезд менен 70 жакын, ал эми экинчи турпоезд менен 65 жакын туристт келишкен. Бул туристтик эс алуу маршуртун Lernidee Erlebnis Reisen GmbH жана Golden Eagle Luxury Trains туристтик компаниялары уюштурган", - деп айтылат маалыматта.

"Кыргыз темир жолу" туристтердин каалоосун эске алуу менен турпоезддерге ишкананын "Люкс" жана "Вип» вагондорун чиркеп, Балыкчы шаарына чейин барып келүүгө шарт түзүп берди. Келген коноктор кереметтүү Ысык-Көлдүн кооз жаратылышына суктанышып, тарыхый-маданий мурастары менен таанышып кайтышты.

Пикир

Оставить комментарий