• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанга Түштүк Кореядан туристтерди тартуу аракети көрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 31.05.22. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Аида Исмаилова Түштүк Кореянын KBS (Korean Broadcasting System) коомдук телерадиокомпаниясынын, Сеул шаарынын мэриясынын жана "Евразиялык сереп" коомдук журналынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу элчи өзүнүн Facebook`тагы баракчасына жазды.

Жолугушуунун жүрүшүндө маданий алмашуу, Кыргызстандын инвестициялык жана туристтик потенциалын Түштүк Кореянын маалымат каражаттарында чагылдыруу сыяктуу тармактарда кызматташуунун маанилүүлүгү талкууланган.

"Кыргызстан Корея менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин, өлкөлөр ортосундагы жетишилген макулдашуу келишимдерге, түзүлгөн достук мамилелерди жогору баалай турганы белгиленди. Ошондой эле Кыргызстандын инвестициялык, экспорттук жана туристтик мүмкүнчүлүгү Кореянын массалык маалымат каражаттары аркылуу жайылтуу зарыл экенине көңүл бурдум", - деп жазган элчи.

Жолугушуунун жүрүшүндө "Евразиялык сереп" журналынын төрагасы Чан Джин Ким Кыргызстандын элчилигинин сунушу боюнча, ошондой эле корей аудиториясынын Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга болгон кызыгуусу жогорулагандыгына байланыштуу Кореянын ишкерлеринен, маданий ишмерлерден, жазуучулардан жана журналисттерден турган корея делегациясынын ушул жылдын июль айында Кыргызстанга келиши пландалып жатканын билдирди. Бул сапардын максаты Түштүк Кореянын көрөрмандарын жана активисттерин Кыргызстан менен тааныштыруу.

Жолугушууда элчи Кореялык журналисттердин жана жазуучулардын Кыргызстанга болгон иш сапары өлкөнүн туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, түштүк кореялык туристтерди Кыргызстанга тартууда жакщы тенденцияга ээ болоруна ишенимин билдирген.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстанды Түштүк Кореяда таанытуу боюнча биргелешкен иштерди улантуу макулдашылган.

Пикир

Оставить комментарий