• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанга Татарстандын бизнес-делегациясы келет

Экономика 0

Бишкек, 03.03.24. /Кабар/. Кыргызстанга Татарстандын бизнес-делегациясы келет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Ошондой эле ведомствонун маалыматына ылайык, Кыргызстандын бизнес-делегациясы 2024-жылдын 17-20-майында Казань шаарында өтчү “Россия-Ислам дүйнөсү: Казань форуму 2024” XV эл аралык экономикалык форумунун ишине катышат. Форумда 50дөн ашык өлкөнүн делегациялары менен байланыш түзүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Бул иш-чараларга даярдык көрүү максатында министрликте жыйын өтүп, жыйынтыгында 2024-2026-жылдарга Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы кызматташуунун Жол картасын иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.

Ошондой эле Кыргызстандын бизнес секторунун экономиканын артыкчылыктуу багыттарына, анын ичинде халал-индустрияга, айыл чарбага, билим берүүгө, бизнес мүмкүнчүлүктөрүн, инвестицияга, өнөр жайга жана туризмге катышуу маселеси иштелип чыгат.

Форум Россия Федерациясы менен Ислам дүйнөсүнүн мамлекеттеринин ортосундагы экономикалык өз ара аракеттенүүнүн негизги платформасы болуп саналат.

Форум биринчи жолу 2009-жылы өткөрүлгөн жана 15 жылдан бери өзүн актуалдуу маселелерди талкуулоо, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, инвестициялык потенциалды көрсөтүү жана россиялык компаниялар менен ислам өлкөлөрүнүн өнөктөштөрүнүн ортосундагы ишкердик байланыштарды чыңдоо боюнча алдыңкы аянтча катары көрсөтүп келет.

Бул форумдун негизги темалары:

  • Аймактарды өнүктүрүү
  • Эл аралык кызматташтык жана инновация
  • Ислам каржылоосу
  • Стандартташтыруу жана халал сертификаттоо боюнча эл аралык тажрыйба
  • Бизнес мүмкүнчүлүк
  • Региондорду өнүктүрүүдө соода-өнөр жай палаталарынын ролу
  • Киберкоопсуздук технологиялары
  • ИКУ өлкөлөрүнө IT чечимдерин экспорттоо
  • Глобалдык чакырыктардын контекстинде электроника өнөр жайы: ИКУ өлкөлөрүндөгү кызматташтыктын келечеги жана жолдору
  • взгеруулердун доорунда эл аралык ендуруштук кооперация
  • Тармактар аралык кызматташтык «Логистика-өндүрүш-соода» тышкы соода байланыштарын кеңейтүү куралы катары
  • Ултаралык катынастар жуйес!ндег! жас мамандардын рол!, дуние жуз!л!к процестерд!
  • ИКУ өлкөлөрүнүн жаш ишкерлер форуму
  • Ислам финансысындагы финансылык технологиялар

Пикир

Оставить комментарий