• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кышка даярдык. Сузактагы Төрөбаев көмөк чордону оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 18.07.23. /Кабар/. Сузак районундагы 220-110-10 кВ Төрөбаев көмөк чордону пландын негизинде оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда күз-кыш мезгилдерине карата даярдыктар бардык электр объектилерде жүрүп жатат. Алардын арасында Төрөбаев көмөк чордону да бар. Бул жерде 3 даана авто трансформатор жайгашкан.

АТ-3 трансформаторунун иштөөсүнүн ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында трансформатордун ичин ачып, татаал оңдоо жумуштарын жүргүзүштү. Анткени, буга чейин аталган трансформатордо кээ бир мүчүлүштүктөр орун алган. Аларды жоюу үчүн кесипкөй адистер топтолуп, кылдаттык менен капиталдык оңдоодон өткөрүштү. Андан тышкары трансформатордун майынын сапаттуулугу текшерүүдөн өттү.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын кызматкерлери эскирген электр мамычаларды жаңылап, жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларды калыбына келтирип, трансформаторлордун майын алмаштырып, кубаттуулугун жогорулатуу жумуштары менен алектенишүүдө.

Бул иштер 2023-2024-жылдын күз-кыш айларына карата көрүлүп жаткан даярдыктар.

Пикир

Оставить комментарий