• 88.68
  • 95
  • 0.95

Этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 18.07.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" КР Мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 7-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам тарыхый мекенине кайтууну каалаган этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүү маселелеринде көчүрүп келүү процессин жакшыртуу, жөнөкөйлөтүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.

Эми Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери кайрылман статусун ыйгаруу үчүн талапкерлердин арыздарын жана башка документтерин кабыл алат жана алар катталган күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде аларды Кыргыз Республикасынын миграция боюнча ыйгарым укуктуу органына жөнөтүшөт.

Ошондой эле этникалык кыргыздарда жана кайрылмандарда бажы чек арасы аркылуу жеке пайдаланууга арналган өздүк автотранспорт каражаттары менен өтүүгө мүмкүнчүлүк жаралды.

Пикир

Оставить комментарий