• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан алты айда 35 миң тоннага жакын сүт экспорттоду

Экономика 0

Бишкек, 18.07.23. /Кабар/. Кыргызстан үстүбүздөгү жылдын 6 айында 34 миң 975,2 тонна сүт экспорттоду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен Россияга 1,5 миң тонна, Казакстанга - 32,9 миң тонна, Өзбекстанга - 416 тонна, АКШга - 24 тонна сүт экспорттолду.

"2022-жылдын 12 айында 36 миң 459,4 тонна сүт азыктары ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолгон болсо, 2023-жылдын 6 айында 34 миң 975,2 тонна, же өткөн жылдын жылдык көлөмүнүн 92%ы экспорттолду", — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, 2023-жылдын 20-июнунан тартып "Ак-Булак Плюс", "Ак-Жалга", "Жайыл Милк", "Ала-Тоо сүт" сүттү кайра иштетүүчү ишканалары сүт азыктарын Россияга экспорттой баштады.

Ал эми Өзбекстандын бирдиктүү реестрине каттоо үчүн Кыргызстандын 75 ишканасы берилип, 36 ишкана каттоодон өттү, анын ичинен 13 сүттү кайра иштетүүчү ишканалар өз продукцияларын экспорттоодо.

Бүгүнкү күндө КР Аыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат тарабынан кошумча сүттү кайра иштетүүчү 4 ишканага жана 5 балык чарба ишканасына Россельхознадзор тарабынан онлайн текшерүү жүргүзүү макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий