• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан т/ж. Кытайлык адистер Жалал-Абад жана Нарында иштөөдө

Коом 0

Бишкек, 18.10.22. /Кабар/. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору боюнча иштер активдешти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Абдес Анарбеков билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстанда өткөн ШКУнун саммитинде үч өлкөнүн транспорт министрликтеринин ортосунда аталган темир жолун куруу долбоору боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстанга Кытай темир жол курулуш корпорациясынын биринчи долбоорлоо-изилдөө институтунун 185ке жакын кызматкери келди. Алар темир жолдун техникалык-экономикалык негиздемени даярдоонун үстүнөн иштеп жатат. Эки топко бөлүнүшүп, Жалал-Абал жана Нарын облусунда жүрүшөт”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий