• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кызматташтыкты бекемдөө үчүн: Бишкекте Корея борбору ачылды

Коом 0

Бишкек. 19.03.19 /Кабар/. Жогорку Кеңештеги Корея Республикасы менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси, депутаты Аида Исмаилова К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде түзүлгөн Корея борборунун ачылышына катышты.

Белгилей кетсек, аталган окуу борбору студенттердин корей маданияты жана тарыхы тууралуу кеңири маалымат алуусуна шарт түзүү менен корей тилинин окуп-үйрөнүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында уюштурулган.

Исмаилова билим берүү жаатындагы тыгыз кызматташтык достукту гана бекемдебестен, ар тараптуу алаканы арттырууга да өбөлгө болорун белгилеп, аталган Корея борбору кыргызстандык студенттер үчүн өтө маанилүү экенине токтолду.

Иш-чарага Корея Республикасынын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ха Тэ Ёк да катышып, окуу борборунун өнүгүшүнө өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады.

Ачылыш аземде К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин жетекчилиги, окутуучулар жамааты жана студенттер да болуп, атайын маданий программа тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий