• 88.68
  • 95
  • 0.95

Asia-Plus: Өзбекстан эки айда Тажикстанга 160 миң долларга гумжардам берди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 19.03.19 /Кабар/. Өзбекстан акыркы эки айда Тажикстанга ири өлчөмдө гуманитардык жардам берген дүйнөдөгү беш өлкөнүн катарына кирди. Бул тууралуу AsiaPlus.tj басылмасы кабарлады.

2018-жылдын январь-февраль айларында Өзбекстан Тажикстанга 160 миң доллар өлчөмүндө гуманитардык көмөк көрсөткөн.

Тажикстан президентинин алдындагы Статистика агенттигинин маалыматына караганда, гуманитардык жардам боюнча Өзбекстандын үлүшү 1,2% түздү.

Бул убакыт аралыгында Тажикстан жалпысынан 13 430 000 доллар жардам алган. Орусия – 18,2%, Кытай –3,6%, Индия –1,7% жана Бириккен Араб Эмираты – 1,6% көрсөткүч менен негизги донор өлкөлөр болуп калды.

Жалпысынан быйыл январь-февраль айларында Тажикстанга дүйнөдөгү 34 мамлекет гуманитардык жардам көрсөткөн.

Былтыркы жылдын ушул учуруна карата донорлордун саны бир өлкөгө азайган, жардамдын көлөмү 2,7 миллион долларга көбөйгөн.

Пикир

Оставить комментарий