• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өлкөдөгү алты ооруканага компьютердик томографиялык аппараттар орнотулат

Ден соолук 0

Бишкек, 14.09.22. /Кабар/. Өлкөдөгү алты ооруканага компьютердик томографиялык аппараттар орнотулат. Бул тууралуу Инвестиция боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Саламаттык сактоо мекемелерине компьютердик томографтарды орнотууга багытталган мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүктүн долбоордук келишимине кол коюлду.

Келишимге ылайык, өлкөнүн алты ооруканасына заманбап компьютердик томографиялык аппараттар орнотулган кабинеттер курулат. Алар Өзгөн, Токтогул, Кадамжай, Балыкчы аймактык ооруканалары, №4 Клиникалык тез жардам ооруканасы жана Республикалык диагностикалык борборго орнотулат.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн өткөрүлгөн ачык конкурстун негизинде инвестор катары кытайлык “АФЕЙ Холдинг” компаниясы тандалып алынды. Инвестициянын суммасы 5 млн доллардан ашат. Ишкана 18 айдын ичинде даярдык жана жабдууну орнотуу иштерин жүргүзөт.

Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырованын айтымында, бүгүнкү күндө компьютердик томография бардык органдардын көп сандаган ооруларын диагностикалаган алдыңкы ыкма болуп саналат.

“Компьютердик томографтарды ишке киргизүү – өлкөнүн саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө болгон чоң салым. Долбоордун ишке ашуусу алыскы аймактардын калкы үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн арттырып, ооруларды алгачкы стадиясында диагностикалоонун сапатын жакшыртып, аны менен калктын жашоосунун сапатын арттырат”, - дейт Баатырова.

Келишимдин мөөнөтү бүткөн соң (15 жыл) инвестор бардык объектилер менен жабдууларды мамлекеттин менчигине толук өткөрүп берет.

Пикир

Оставить комментарий