• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Өлкөнүн тоолуу райондорунда жана ашууларында кар көчкү түшүшү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 30.01.24. /Кабар/. Өлкөнүн тоолуу райондорунда жана ашууларында кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-январдан 31-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда ошондой эле төмөнкү ашууларда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот:

  • Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу),
  • Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу),
  • Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 55-115-чакырымдарында,
  • Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-48, 74-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу),
  • Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 97-98-чакырымдарында,
  • Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу),
  • Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымдарында.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий