• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өлкө жетекчилиги маданият тармагын жигердүү өнүктүрүүгө ниеттенүүдө – Акылбек Жапаров

Коом 0

Бишкек, 17.02.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров башында турган өлкө жетекчилиги маданият тармагын жигердүү өнүктүрүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жыйынтыктоочу жыйынында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары экономикалык өнүктүрүүгө жана коопсуздук тармагына көп басым жасалды.

"Ошол эле учурда маданият тармагына тиешелүү көңүл бурулган жок. Президент Садыр Жапаров баш болгон өлкө жетекчилиги маданият тармагын жигердүү өнүктүрүүгө жана калктын руханий, адеп-ахлактык тарбиясын өнүктүрүүгө ар тараптуу жардам көрсөтүүгө ниеттенүүдө", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий